Колдонуучу:Fredi5282

Википедия дан

Жыргалаң булуңу Ысык-Көлдүн чыгыш бөлүгүндө. Каракол шаарынан 7 чакырым аралыкта. Узундугу 18 км, туурасы 1,5–2,5 км, жээк сызыгынын узундугу 42 км. Тереңдиги булуңдун оозунда 59 м. Булуң Жыргалаң суусунун өрөөнүнүн уландысы; синклиналдык ийилиште жайгашкан. Голоценде көлдүн суусу көтөрүлүп өрөөндү каптап калуусунан пайда болгон. Өрөөндүн суу астындагы уландысы 25 км аралыкка (120 м тереңдикке) чейин созулат. Жээги тик, тектирлүү, көлдүн деңгээлинен 15–37мге көтөрүлүп жатат. Жыргалаң суусу булуң-га куярда салааланып, дельтаны пайда кылат. Ал жылына 90 миң тдан ашык ылай, шиленди агызып келет. Жыргалаң-дын көл суусун тузсуздандырууда мааниси зор: анын чатынан 300 м аралыктагы туздуулугу 3,5 г/л, оозунда 5,9 г/л. Булуңдун төрүндө сейши кубулушу байкалат. Жээгинде Каракол пристаны, байыркы шаар чалдыбары (8-к.), белгилүү саякатчы Н. М. Пржевальскийдин мүрзөсү, эстелиги жана мемориал музейи бар. Кийин белгилүү окумуштуу Х. Карасаев да ошол жерге коюлган. Булуңдан балык кармалат.



Колдонулган адабияттары Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004

   Электрондук версия, Асанов Э.Д., 2010