Колдонуучу:Jibekknu

Википедия дан

Мыйзам – бул бардыгы үчүн бирдей милдеттүү жүрүм-турумдардын эрежеси камтылган ченемдик-укуктук акт. Мыйзамдар адамдардын укуктарын жана милдеттерин өз ичине камтыйт жана көп ирет колдонууга багытталат. Президент, өкмөт, депутаттар жана 30 миң шайлоочу мыйзам долбоорун сунуштоо укугуна ээ. Бул үчүн ага 30 миң жарандын колун топтоо же өкмөт аркылуу киргизүү керек болот. Министрлик дагы өз алдынча мыйзам кабыл алуу демилгеси менен чыга албайт. Ал муну адатта өкмөт аркылуу ишке ашырат. Парламентке киргизилген мыйзам долбоору адегенде Жогорку Кеңештин тийиштүү комитети тарабынан каралат да, андан кийин ЖКнын бардык депутаттарынын кароосуна киргизилет. Эреже катары, мыйзам долбоору талкуулоонун биринчи баскычынан же биринчи окуу деп аталган жол-жободон өткөрүлөт жана жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынып, Республиканын Президенти тарабынан бекитилет. Жөнөкөй мыйзам кайсы бир маанилүү иштин аткарылышына же сакталышына арналса да, көлөм жагынан чакан болот. ҮЛГҮ: «КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНДА ЖЕКЕЧЕ ТУРАК ЖАЙ КУРУЛУШУ ЖӨНҮНДӨ» КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫНА ӨЗГӨРТҮҮЛӨРДҮ КИРГИЗҮҮ ТУУРАЛУУ КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ 2013-жылдын 18-апрелинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган 1-берене.«Кыргыз Республикасында жекече турак жай курулушу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (Кыргыз Республикасынын Жогорку Советинин Ведомосттору, 1991-ж., № 22, 700-ст.) төмөнкүдөй өзгөрүүлөр киргизилсин: 12-статья төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын: 12-статья. Жер участкаларынын бөлүнүшүн жана жекече турак үйлөрдүн долбоорлонушун контролдоо. Жекече турак үйлөрдү курууга жер участкаларынын бөлүнүшүн жана долбоорлонушун контролдоону архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жүзөгө ашырат. 16-статьянын 1-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Курулуш жана архитектура иштери боюнча мамлекеттик комитетинин тийиштүү органдарынын» деген сөздөр «архитектура-курулуши иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына» деген сөздөргө алмаштырылсын. 17-статьянын 2-бөлүгүндөгү «Кыргыз Республикасынын Курулуш иштери жана архитектура боюнча мамлекеттик комитетинин компетенттүү органдарына» деген сөздөр «архитектура-курулуш иши чөйрөсүндө көзөмөлдөө жана контролдоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органына» деген сөздөргө алмаштырылсын.