Мазмунга өтүү

Колдонуучу:Kurmanbek producer/Абдыкайым Ашимбаев

Википедия дан

Ашимбаев Абдыкайым Жусупбекович

Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониянын артисти, Маданияттын мыкты кызматкери, ырчы, төкмө акын Ашимбаев Абдикайым Жусупбекович тууралуу толугураак.

  • 1970-жылы 19-декабрда Сузак районун Барпы айыл өкмөтүнө караштуу Ачы айылында төрөлгөн. 1988-жылы орто мектепти бүтүрүп, 1989-1991-жылдары Советтик Армиянын катарында Красноярск крайында кызмат өтөгөн.
  • 1993-1996-жылдары Жалал-Абад шаарындагы маданият техникумунда билим алган.
  • 1996-2000-жылдары Жалал-Абад педагогикалык окуу жайында көркөм жетекчи, тарбия иштери боюнча директордун орун басары болуп эмгектенген.
  • 2000-2008-жылдары облустук Кыргыз тили комиссиясынын жетектөөчү адиси, жооптуу катчысы, 2008-2010-жылдары облустук «Дил» гезитинин жооптуу катчысы, 2010-2012-жылдары Жалал-Абад шаардык маданият бөлүмүндө адабий бөлүмдүн башчысы кызматтарын аркалаган.
  • Мамлекеттик тилге кошкон зор салымы үчүн “Кыргыз тили” төш белгиси менен сыйланган.
  • Төкмө акын, ырчы, аткаруучу Абдыкайым Ашимбаев алгач төкмөлүк өнөр боюнча Барпы акындын бала шакирти аталган КРдин эмгек сиңирген артисти Таирбек Сатыбалдиевден сабак алып, сахнага устаты Кыргыз Эл акыны Рахматулла Козукеевди ээрчип чыккан.
  • Эл аралык жана республикалык «Айтыш» кароо-сынактарынын бир нече жолку катышуучусу.
  • 2011-жылы Барпы Алыкуловдун 130 жана Куйручуктун 145 жылдыгынын урматына арналган республикалык «Айтыш» кароо-сынагынын байгелүү орундарынын ээси, түштүк аймагы боюнча өткөрүлгөн «Айтыш-2012» кароо-сынагынын баш байгесинин жеңүүчүсү.
  • 2014-жылы Барпы акындын 130 жылдык маарекесине арналган «Айтыш» кароо-сынагында 3-орунга жетишкен. 2015-жылы ЭлТР телерадиокомпаниясы тарабынан өткөрүлгөн «Алтын комуз» байгесине арналган айтыш сынагында 3-орунга татыган.
  • 2014-жылы өткөн  Бүткүл дүйнөлүк  I Көчмөндөр оюндарынын жана 2014-2022-жылдары Республикалык «Сармерден» оюн- зоок программасынын активдүү катышуучусу.
  • 2017-жылы салттуу маданият жумалыгынын алкагында өткөн республикалык кароо-сынакта элдик ырларды аткаруу боюнча 2-орун жана диплом менен сыйланган. Маданият министрлигинин Ардак грамотасы, Маданияттын мыкты кызматкери төш белгисинин ээси.
  • 2022-2023-жылдары Бишкек шаарында өткөн Оркестр жамааттарынын Республикалык кароо-сынак фестивалдарынын активдүү катышуучусу.
  • Учурда облустук Т.Тыныбеков атындагы филармониянын артисти болуп, үзүрлүү эмгектенүүдө.
  • Үй-бүлөлүү, бир кыз, эки уулдун атасы.
  • Токтосун Тыныбеков атындагы Жалал-Абад облустук филармониясы