Колдонуучу:MTMI

Википедия дан


Абдырахманов Төлөбек Абылович, 1962-жылы1-январда Нарын областына караштуу Куланак айылында туулган. 1980-1982-жылдары Совет армиясында кызмат кылган. 1982-жылы СССРдин 50 жылдыгы атындагы КМУга тапшырып, 1987-жылы аны ийгиликтүү бүтүргөн жана ошол эле жылы КРнын УИАнын аспирантурасына кабыл алынган. 1989-жылы КМУнун тарых факультетинин лаборанты, 1992-жылы Азия, Африка өлкөлөрүнүн тарыхы кафедрасында окутуучу болуп эмгектенген. 1996-жылы кандидаттык диссертациясын ийгиликтүү жактап, тарых илимдеринин кандидаты даражасында улуттук университеттин тарых факультетинде декандын орун басары, 1998-жылы “Кыргызтаануу” окуу-илимий борборунун директору болуп иштеген.

        2001-жылдан баштап И.Арабаев атындагы КМУнун Окуу-инспекциялык башкармалыгынын начальниги, 2005-жылы Академиялык иштер боюнча департаменттин директору, ал эми 2006-жылы Университеттин Гуманитардык билимдер институтунун директору болуп иштеген. 2009-жылы И. Арабаев атындагы КМУнун биринчи проректорлук кызматына, 2010-жылы ректорлук кызматка келген. 
       2011-жылы докторлук диссертациясын ийгиликтүү жактаган, “Тарых” жана “Саясат таануу” адистиктери боюнча профессор, “Билим берүү менеджменти” адистиги боюнча магистрлик даражаны алган. Ушул жылдар ичинде 10 илимдин  кандидатын, 1 илимдин докторун даярдап чыгарган.
         Коомдук иштердин активдүү катышуусу КРдин Билим берүү жана илим министрлигинин илимий-техникалык кеңешинин, КРдин Жогорку аттестациялык комиссиясынын мүчөсү. 
          2013-жылдан баштап  докторлук диссертацияларды жактоо боюнча Диссертациялык кеңештин төрагасы. Ж.Баласагын атындагы КУУнун Попечительский кеңешинин, ЮНЕСКОнун иштери боюнча Улуттук комиссиянын мүчөсү. 

Билим берүү тармагына сиңирген эмгеги үчүн Т.А.АбдырахмановКРдин Билим берүү жана илим министрлигинин Ардак грамотасы менен сыйланган;Профсоюздар кыймылынын отличниги, Республикалык Профсоюздар БКсынын билим берүү жана илим кызматкерлери сыйлыгынын лауреаты;Түрк дүйнөсүнүн илимий чөйрөсүндө жетишкен ийгиликтери үчүн сыйлыгынын лауреаты (Эскишехр, 2013, Түркия); Ислам өлкөлөрүнүн экономикалык кызматташтык уюмунун (ЭКО) илим чөйрөсүндөгү өзгөчө кызматы үчүн берилүүчү престиждүү сыйлыктын лауреаты (Баку, 2012-ж); КРдин профсоюздарынын БКсынын “Эң мыкты иш берүүчү” номинациясы боюнча сыйлыктын ээси (2013-ж.).

          Профессор Төлөбек Абдырахмановдун 250 дөн ашык илимий эмгектери жарык көргөн, алардын 16 монография, 14 илимий окуу-методикалык колдонмолор.