Колдонуучу:Nazimochka 93

Википедия дан

Азыркы мезгилде чыр-чатакты соттошпой чечүү жолдорунун ичинен ортомчулук өзгөчө мааниге ээ. Чыр-чатак сыяктуу эле, ортомчулук да көптөн бери өкүм сүрүп келатат. Чыр-чатактарды чечүү үчүн чатакташкан тараптардын ортосундагы сүйлөшүүлөрдү, ошондой эле ортомчулукту колдонушкан, аны бейтарап адамдын (ортомчунун) катышуусу менен сүйлөшүүлөрдүн өзгөчө түрү деп атоого болот. Ортомчулук мурда азыркы абалында калыптанган жана ошол бойдон азыркы учурда өкүм сүрүп жатат деп ырастоого болбойт. Бейтарап ортомчунун катышуусу менен тараптарды жараштыруу ыкмасын колдонуу жөнүндө гана айтууга болот. Талаштарды чечүүнүн мындай ыкмалары көбүнчө сүйлөшүүлөрдөн майнап чыкпай, ийгиликке жетишүү үчүн талашып-тартышып жаткан тараптар бири-биринин көз карашын түшүнүшү жана кабыл алышы зарыл болгон учурларда гана колдонулган. Олуттуу пикир келишпестиктерди чечүү учурунда турмушка ылайыктуу жана өз ара пайдалуу чечимге ченемдерди пайдаланууга караганда, сүйлөшүүлөр менен жетишүү оңой экенин адамдар бир нече кылымдар мурда түшүнгөн. Эгерде акылга сыярлык көз караштан алсак, анда ортомчулукту бардык байыркы элдер, анын ичинде Орто Азиянын элдери колдонгон деп айтууга болот. Мисалы, талашып-тартышуу учурунда талашып жаткандар кыйла көп учурда коомдогу урматтуу жана кадыр-барктуу адамдардын – аксакалдардын жардамын колдонгон, алар ортомчунун ролун аткарган. Бүгүнкү күнгө чейин, ортомчулук дүйнөдө чыр-чатактарды соттошпой чечүүнүн эң көп колдонулган ыкмасы болуп саналат. Эмесе, ортомчулук деген эмне?

Мугалим мурдатан даярдалган доскага ортомчулуктун аныктамасы жазылган ватманды илет.




Аныктамадан көрүнүп тургандай, ортомчулукта талашкан тараптардан тышкары үчүнчү дагы бир тарап – ортомчу катышат. Ортомчу жалгыз, ошондой эле бир нече адам болушу мүмкүн. Алар кесипкөй ортомчулар, ошондой эле атайын даярдыгы жок адамдар болушу ыктымал. Ортомчулук – тараптардын макулдугусуз эч кандай чечим кабыл алынбай турган сүйлөшүү процесси. Ортомчу талашып-тартышкан эки тарапка бирдей алгылыктуу чечимге келишине жардам гана берет, ал эч качан кандайдыр бир чечимди таңуулабайт. Ортомчулуктун негизги максаты – чырдашкан тараптарга андан аркы мамилелерди түзүүгө жардам берүү, ортомчулук жол-жобосу аяктагандан кийин алардын кантип бирге жашап, иштеп жана кызматташуусу керектигин аныктоосуна көмөктөшүү. Ортомчулук эки тарап тең чыр-чатакты жөнгө салууну каалаган учурда гана натыйжалуу болорун эсиңерге туткула. Бүгүн мен ортомчулук кандайча, кайсы эрежелердин негизинде жүргүзүлөөрүн, кимдер ортомчу боло аларын жакшыраак билип алууну сунуштайм. Бул үчүн топторго бөлүнүүнү сунуш кылам.

1.Чыр-чатаксыз келечекке карай. 9–11-класстар: Америкалык Юристтер Ассоциациясы, Укуктун Үстөмдүгү Программасы (ABA ROLI). Окуу куралы. – Б., 2011. – 130 б. 2.Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодекси (1999-жылы 30-июнунда кабыл алынган, №62)  Саймон Фишер. Конфликтология. Работа с конфликтом: Окуу китеби/А.С. Карминдин редакциясы астында. 1999. – 448 б.  Купуялык 2  Купуялык принцибине ылайык, процесс учурунда айтылган же талкууланган нерселердин баары ортодо гана калууга тийиш. Ортомчу иштин жүрүшүндө жүргүзгөн бардык жазуулар жок кылынат. Эгерде иш кантсе да сотко өткөрүп берилсе, ортомчу күбө боло албайт. Ортомчу жекече маектешүүнүн жүрүшүндө бир тараптан алган маалыматты, эгерде буга атайын уруксатты же маалымат берген адамдын өтүнүчүн албаса, башка тарапка билдирүүгө укуксуз.   3. Ыктыярдуулук  Соттук териштирүүдөн айырмаланып, ортомчулук процессине бардык талашкан тараптар ыктыярдуу киришет, ал эми ортомчу тараптардын өз ара макулдугу боюнча эркин тандалат. Эгерде кандайдыр-бир себептен улам тараптар ортомчулукка барууну каалабаса, эч ким аларды буга мажбурлай албайт. Бул принцип бардык чечимдерди эки тараптын өз ара макулдугу менен гана кабыл алынышынан жана ар бир тарап каалаган учурда ортомчулук жол-жобосунан баш тартууга укуктуу экендигинен да көрүнүп турат.

Ал ортомчулук ыктыярдуу болуп санала тургандыгын, тараптардын кимиси болсо да ортомчулуктун каалаган этабында баш тартууга укуктуу экенин эскертет. Ал ошондой эле эч бир тарапты жактабастыгын, тараптардын бир пикирге келишине гана жардамдашаарын жана ортомчулук мезгилиндеги сөздөрдүн баары купуя сакталаарын айтат. 2-этап – Тараптардын сөз сүйлөшү. Ар бир тарап болгон окуяны айтат. Кимиси даттанса, ошол биринчи сөз баштайт. Анын сөзүн бөлүүгө уруксат берилбейт. Анан экинчи тарап чатактын себептерин өзүнчө түшүндүрөт. Катышуучулардын кимиси болсо да, ортомчу өзү да бул сөздөрдү жазып турууга укуктуу. Ортомчулук аяктагандан кийин купуялыкты сактоо үчүн ортомчу жазып алган жазуулар жок кылынат. 3-этап – Тараптардын кызыкчылыктарын айкындоо. Ортомчу фактыларды жана маселелерди аныктоого аракеттенет. Ал эки тараптын тең айткандарын угат, ар бир тараптын көз карашын жалпылайт жана алардын маселени канчалык түшүнгөндүгүн айкындайт. 4-этап – Сунуш киргизүү. Ар ким көйгөйдү чечүүнүн мүмкүн болгон варианттарын ойлонуштурат. Ортомчу сунушталган чечимдердин тизмесин түзүп, чечимдин ар бир варианты боюнча тараптардын пикирин сурай 5-этап – Чечим тандоо. Тараптардын айткан пикирлерине таянып, ортомчу талашты чечүүнүн мүмкүн болгон жолдорун караштырат жана кайсынысы эки тарапты тең канааттандырарын аныктоого аракеттенет. Чечим ойдогудай жакшы болушу үчүн реалдуу болууга, эки тарапты бирдей канааттандырууга тийиш. 6-этап – Макулдашууга жетишүү. Ортомчу тараптардын өз ара алгылыктуу келишүүсүнө жардамдашат. Чечим жазуу жүзүндө таризделиши керек. Мындай макулдашуу «ортомчулук келишим» деп аталат. Тараптар ошондой эле, эгерде алардын бири бул макулдашууну бузса, эмне болорун талкуулоого тийиш. Афоризмдин автору Константин Семёнович Мелихан (1952-жылдын 27-сентябры, Ленинград) – орус жазуучусу, юмористтик китептердин автору, өз чыгармаларын эстрадалык аткаруучу