Колдонуучу:Propiska

Википедия дан

Прописка(жарандарды каттоо)-бул жарандардын жер которуусун контролдоо болуп саналат. Бул система Советтер Союз убагында пайда болгон бул системанын негизги принциби жарандарды туруктуу бир орунга байлоо болуп эсептелет.Мындай тартип, административдик органдардын жарандардын жащоосуна, жумушка жана окууга орношуусуна, менчик турак жай алуусуна уруксат берүүcүн талап кылат.1991 жалы СССРдин Конституциялык тергөө комитети аркылуу прописка (жарандарды каттоо) табылган. Бул СССРдин конституциясына каршы келген.

Мазмуну  1 РСФСР жана СССРде каттоо  1.1 1917—1932  1.2 1932—1991  2 СССР өлкөлөрүндө каттоо  2.1 Украина  2.2 Белоруссия  2.3 Казахстан  2.4 Узбекистан  3 Дагы карагыла  4 Эскертүү  5 Шилтеме

РСФСР жана СССРде каттоо 1917—1932 Совет бийлиги орнотулгандан кийин көп өтпөй төңкөрүшкө чейин иштеп келген паспорттук система токтотулган. В.И.Лениндин позициясы практикада анын “Айылдык жакырчылык” деген макаласы менен ишке ашырыла баштаган. (1903):

	Социал-демократтар элдин эркин жүрүп турушун жана иш кылышын талап кылат. Эркин жер которуп жүрүү деген эмнени билдирет? Бул паспорттун жок болуусу, эч кайсы мамлекеттик ишкер карапайым дыйкандын каалаган жерине барып иш кылуусуна кийдигише албайт деген сөз. Орус эркеги мамлекеттик чиновниктерге ушунчалык байланып калган, жада калса башка шаарга да бара албайт, өз эркинче башка жерге да бара албайт. Министр губернатордун элди өзү билип жер которуусун контролдоосун карайт. Губернатор алардан да кыйын билет кайда жер которуп кетүүсүн. Эркек-бир кичинекей бөбөк сыяктуу, уруксатсыз бир кымыл да кыла албайт. Бул крепосттук көз карандылык эмеспи? Бул элдин үстүнөн жасалган шылдыңдоо эмеспи? ..	 

Бирок жарандык согуш негизинде паспорттук режим 1919-жылы 25-июнь айында ВЦИК жана СНК РСФСРдин дектрети менен кайра киргизиле баштаган. Бул чындыгында паспорт болуп эсептелген “эмгек китепчеси”. (Бул декрет Москва жана Петроград шаарларына гана тиешелүү болгон). Бул негизинен РСФСР аймагында ачкачылык жана жашоо шартынын төмөндөшүнөн келип чыккан “эмгек дизертирлиги” менен күрөшүү үчүн колдонулган саясат болгон. 1922-жылдын 24-январь айында жарандык согуштун бүтүшү менен РСФСР тарабынан жарандардын эркин жер которуп жүрүүсүн камтыган мыйзам кабыл алынган.

ВЦИК жана СНК РСФСРдин 1923-жылдын 20-июль айында кабыл алынган “жарандардын өздүгүн тактоо тууралуу” декретине ылайык РСФСР жарандарынан паспорт же жашаганга укугу бар деген, каалыган аймагына жер которуп жүрүүгө болгон укугуна шек келтирүүчү документтерди талап кылууга тыюу салынган. 

Бардык мындай документтер ошондой эле эмгек китепчеси жок кылынган. Жарандар каалаган учурда өздүгүнүн билдирүүчү документти алууга укуктуу болгон, бирок бул зарыл түрдө талап кылынчу эмес. Эч ким жаранды мындай документ алуусун талап кыла албайт. 1923-жылы декреттин жоболору СНК РСФСРдин 1925-жылдын 28-апрелиндеги “Шаарлардагы жарандардын каттоосу тууралуу” токтомунда жана ВЦИК жана СНК СССРдин 1927-жылдын 18-декабрындагы токтомунда конкреттештирилген. (Прописка деген түшүнүк биринчи жолу ушул документте колдонулган). Бул токтомдорго ылайык прописка же болбосо жашаган жерин тастыктоочу документтерди алуу үчүн иштеген жеринен күбөлүк, профсоюздук билет, төрөлгөндүгү же никеси тууралуу документтер аркылуу эле берилчү. Бирок каттоо системасы (прописка) ишке ашырылган менен, катоого туруу үчүн керек болгон документтер жаранды бир жерге каттоого тургузуп, байлап коюга жол берген эмес. 1930-жылкы советтик кичи энциклопедияда “Паспорт” тууралуу макалада толук жазылган:

	ПАСПОРТ — жарандын өздүгүн билдирүгчү жана анын жашаган жеринен көчүп кеткендигинбилдирүүчү өзгөчө документ.Паспорт системасы полициялык таасир жана полициялык мамлекеттин элпек саясатында маанилүү курал болуп эсептелген. Советтик мыйзам паспорт эмне экенини билбейт...

1932—1991 Кийинчерээк декабрь көтөрүлүшүнөн кийин 1917-жылы жок кылынган паспорт системасы 1932-жылы кайрадан жанданып, СССРде прописка системасы паспорт системасы менен абдан тыгыз байланышта болуп калган. 1932-жылы Советтер Союзунда бирдиктүү паспорттук системасы жана паспорттук-визалык кызмат орношулган. Бул кызмат ички иштер органдарынын структурасына киргизилген (НКВД). Бул кызматтын максаты “шаарлардын, жаңы конуштардын жана айылдардын калкын каттоо, бул жерлерди коомго жардамы тийбеген, кулака тартылган, кылмышкерледен, жана коомго каршы кыймыл-аракет жасаган жарандардын арылтуу болуп калган”. Бул ВЦИК жана СНКнын 27.12.1932-жылдагы “Бирдиктүү паспорттук системасын жана сөссүз түрдө прописка (жарандык каттоо) бүткүл ССРге тургузуу” токтому менен бекитилген. Паспорт жана виза кызматына калктын каттоосун текшерүү дагы берилген. Кээ бир категориядагы жарандарга каттоо берилген эмес. Ошол себептен мындай категориядагы адамдар чоң шаарлардан айдалган. 1933-1935 жылдар арасы каттоо институтунун мүнөзү акырындап өзгөрүп мамлекеттик башкаруунун бир институту боло баштайт. Паспорту жана анда каттоосу бар жаран кандайдыр бир үсүнкү даражада турган адамдай болуп эсептелген. Ал эми паспорту же жарандык каттоосу жок болгон адам советтик өкмөт көрсөткөн кызматтардыгы толук алууга мүмкүнчүлүг аз болгон. Ал эми паспорту же каттоосу жок дыйкан шаарга баруусу үчүн айыл өкмөтүнө арыз жазып жана колхоз башчысына керектүү документтерди тапшырып андан кийин гана шаарга чыкканга уруксат алчу. Каттоосу жок болгон жаран жумушка орношууда да кыйынчылыктарга туушар болчу. Москва, Ленинград сыяктуу жашоо шарты жакшы болгон шаарларды каттоого туруу абдан оор болчу. Москвада каттоого туруунун шарттарынын бири өз адистиги менен начар шарттарда бир канча жыл иштөө болуп саналат эле. Паспорту бар жарандардын саны жылдан-жылга өсүп, 1974-жылы Советтер Союзунун калкынан баары паспортко ээ болушкан.

СССРдин 1974-жылкы паспорттук системасынын жобосуна ылайык, жаран жашап жаткан жеринен башка бир жерге көчүп кетсе анда жергиликтүү каттоодон чыгып, жаңы барган жерине бир жарым айдын ичинде каттоого турушу керек. Ал эми жаы жерге каттоого турууда үйдүн ээсинин уруксаты болуусу зарыл. Ал эми командировка, эс алуу, дачага баруу, же дарылануу учурунда мындай талаптар каралган эмес. Мындай каттоодон чыгуу, жаңы жерге каттоого туруу процедуралары 3 күндү талап кылган. Бирок мамлекеттик органдар жарандын каттоого туруусун кабыл далбай коюшу да мүмкүн эле. Мындай учурда ал жаран жаңы барган жеринен 7 күндүн ичинде чыгып кетүүсү зарыл болчу. СССРдин кайсыл гана аймагында болбосун катоосу жок турууга тыюу салынган. 1990-жылы СССРдин конституциялык көзөмөлдөө комитетини аркылуу, жарандарды каттоо (прописка) жарандардын эркин түрдө жүрүп туруу, жашоо жайын өз алдынча тандоо укуктарын бузуп жатат, ошондуктан бул мыйзамдан алынышы керек деп табылган. Бирок, жарандык каттоону жоюп салуу же болбосо өзгөртүү тууралуу СССРдин мамлекеттик органдары тарабынан эч кандай чара колдонулган эмес. 1991-жылы СССРдин конституциялык көзөмөлдөө комитети жарандарды каттоо системасы конституциялык эмес деген чечим кабыл алып, каттоого системасын 1992-жылдын 1-январынан баштап жоюу чечимин кабыл алган. Өзгөчө жарандарды жашоо үчүн, окууга жана жумушка кирүүсү үчүн, турак жай сатып алуусу үчүн административдик органдардан уруксат алуусун жана бул милдеттендирмелерди ишке ашырбаган учурдагы болгон жазаларды жоюу чечими кабыл алынган. Ошол эле убакта, СССРдин конституциялык көзөмөлдөө комитети прописка-жарандарды каттоо жана алардын жүрүп туруусуна, туруктуу жана убактылуу жашоо жерин тактоого колдонулаарын четке каккан эмес.

СССР өлкөлөрүндөгү каттоо Украина 2001-жылдын 14-ноябрь айында Украинада Конституциялык Соттун чечими менен жарандарды каттоо институту конституциялык эмес деп табылган. Мыйзамдуу түрдө каттоо Украинада “Украинада эркин жүрүү жана өзү каалаган жеринде жашоо” мыйзамы № 1382-IV 11.12.2003 кабыл алынгандан баштап жоюлган. Бул мыйзам прописканы жоюп салып анын ордуна жашаган жерине каттоого турууну киргизген. Мындай каттоо үчүн жарандан арыз, паспорту, мамлекеттик пошлинаны төлөгөндүгү тууралуу квитанция, каттоодон чыккандыгы тууралуу талондун эки көчүрмөсү. Каттоого алган органдар кабыл албай коюу укугуна ээ эмес. Белоруссия Белорус президенти Александр Лукашенко тарабынан кабыл алынган “Жарандардын жашап жаткан жана көчүп келген жерине каттоого туруу системасын жакшытруу жөнүндө” указы менен бул система Белоруссияда 2008-жылдын 1-январынан баштап жөнөкөйлөтүлгөн. Указга ылайык 2008-жылдын 1-январынан баштап жарандардын эркин жүрүп туруу жана каалаган жерге барып жашоо укугун керектүү кызмат менен коштоо үчүн Белоруссия конституциясында 30-беренсинде каралган:  СССРдин Министрлер Советинин, Ички иштер министрлигинин, жергиликтүг аткаруучу жана бөлүштүрүүчү органдардын деңгээлиндеги көптөгөн мыйзам актыларынан айырмаланган прописка институту жөнөкөйлөштүрүлөт  Жарандарга жана чет өлкөлүктөргө, Белоруссияда убактылуу жашап жаткандарга; жашап жаткан жана көчүп келген жерине каттоого алуу бирдей тартипте өтөт.  Убактылуу же жергиликтүү каттоо укуктары жана милдеттери сакталып калат, жашап жаткан же көчүп келген жеринде кайра каттоодон өтүү зарылчылыгы болбойт.  Жекригиликтүү жерине катоого туруу милдетүү болуп саналат, ал эми көчүп келген жерине каттоого туруу бул жарандын укугу болуп саналат (окуу же болбосо билим алуу үчүн келип милдеттүү түрдө каттоого туруу зарылчылыгы болгон жарандарды эске албаганда). Казахстан Прписка институту каттоо институтуна айланып калган. Мындац каттоогог жашоого болгон турак жайга каттоого туруп койсо болот. Казахстан Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылы 17-август айынан башталган №696 “Казахстан Республикасынын калкын документтештирүү жана каттоо эрежедерине өзгөртүүлөрдү жана кошумчаларды киргизүү”мыйзамына ылайык жарандар иштеген жерине же юстиция органдарына каттоого туруп коюуга укуктуу. Өзбекистан Хьюман Райтс Вотч докладында Өзбекистан Совет доорунан прописканы мурас катары алып борбору Ташкентти жабык шар кылып койгон деп айтылат. Ал эми Өзбекистандын башка шаарында төрөлгөн жарандар борборго жашоого тиешелүү комитееттердин уруксатысыз жашоого укугу жок. Мындан улам жакыр региондордон борборго жумуш табуу үчүн келген жарандар балдарын окуутууда же медицина жардамын алууда көп кыйынчылыктарды баштан кечиришет жана алардын укуктары тебеленет.