Колдонуучу:Usmurat

Википедия дан

Теңиртоолук кыргыздардын Россиянын бийлигин кабыл алышы. Italic text
Россияга кошулганга чейин Теңиртоодогу кыргыздардын бир бөлүгүн Кокон хандыгы каратып,мезгил-мезгили менен салык алып турса,экинчи бөлүгү Кашкардагы цинь-манжур бийлигинин таасиринде турган Кытай менен чектешкен.Кыргызстандын бул аймагын каратууга орус бийлиги чоң маани берген.Анткени буга чейин орус көпөстөрү Кашкар менен сода-сатыкты көбүнчө Кокон хандыгы аркылуу жана Верный тараптан Кулжа аркылуу ишке ашырып келген.Теңиртоону каратуу менен орустар Чыгыш Түркстан, Кашкар менен түз соода жасамак.

1863-ж. жайында Борбордук Теңиртоого генштабдын капитаны Проценко башында турган атайын кошуун аттаган.3-майда бул кошуун Жумгал өрөөнүнө келет.Бул жердеги 56 кокондук сарбаз өздөрү турган коргонду таштай качышкан.Андан сон бул кошуунСонкол жайлоосу аркылуу Куртка чебине өткөн.Кокондуктар бул жерден да күн мурдатан эле чегинип кеткен.Теңиртоолук кыргыздардын айрым манаптары орус бийлигине өздөрү өтүнүч менен кайрылышса,кээ бирлери күтө турууну чечишти,дагы бирлери падыша аскерлери менен куралдуу кагылышууга чейин барышкан. Мис., 1863-ж. июлда манап Осмон Тайлак уулу орус аскерлерине каршы ачык согушка чыккан.Ал жигиттери менен Токмок уездинин начальниги майор Г.Загряжскийдин чакан аскерин камалоого алган.Ага ошо кезде капитан чини бар Шабдан Жантай уулу жардам берип, өлүмдөн сактап калган.Осмон өзү чыгыш Түркстанга баш калкалаган.Ал 1867-ж. кайтып келип,3 миң түтүн эли менен Россияга баш ийген.

Сарыбагыш уруусунун чоң манабы Умөтаалы Ормон уулу да орус бийлигине каршы ачык күрөшкөн.Ал орус аскерлерин бириндетип талкалап,Ата Журттан суруп салу максатында 1863-ж. 19-июнда Куртканын Экичат деген жеринде подпоручик Зубаревдин 40 аскерден турган кошуунуна кол салат. Эки күн камоодо калган орус аскерлерине жардам келбегенде Умөтаалынын жигиттери талкаламак эле.Акталаадагы бул кагылышуудан кийин Умөтаалы Кашкар букаралыгын алуу ниетинде Чыгыш Түркстанга барган.Ал жакта жаны мамлекет түзгөн Жакып бек Умөтаалынын өтүнүчүнөн баш тарткан.

Теңиртоодогу черик уруусу Кокон хандыгына, цин-манжур төрөлөрүнө, кийин Кашкардын улугу Жакып беке салык төлөп,кош кабат эзүүгө туш болушкан. Чериктин манаптары Россияга кошулуу менен татаал абалдан чыгуу максатын көздөшкөн. 1863-ж. жазында 6миң түтүн черик уруусунун чоң манабы Турдумамбет (Турдуке)Тоймат уулу баш болгон бийлер Алатоо округунун улугу Колпаковский аркылуу ак падышага кат жөнөтүшкөн.Чериктерди букаралыкка кабыл алуу үчүн император макулдугун билдирген.

1863-ж. 13-октябрда чериктердин элчилери Омскиге келип орус бийлигине өткөндүгү тууралуу ант беришкен. 1868-ж. Нарын чеби негизделген кезде чериктердин көбү Алатоо округуна карап, калганы Кашкардын улугу Жакып бектин карамагында турган.Кийин 1877-ж. Жакып бектин мамлекети жоюлганда алар Кытай императорунун бийлигине өтүп кеткен.Черик уруусунун көпчүлүгүнүн орус бийлигине өтүшү менен алар ээлеп жүргөн кен мейкиндик Кыргызстандын жери бөлүп калган.

1868-ж. Нарын жана Караколдо орус чептери курулуп,аларда туруктуу аскер кошуундары тургандан баштап Кыргызстандын түндүгүнө Россиянын бийлиги реалдуу орногон. Түндүк кыргыздары Россияга негизинен келишим, бүтүм жана куралдуу басып алуу аркылуу каратылган.