Коллективдүү чыгармачылык

Википедия дан

Коллективдүү чыгармачылык — бир нече автордун биригип, бир чыгарма жазууга катышуусу. Көркөм адабиятта эки түрдө кезигет: 1) элдик оозеки чыгармалар (эпос, ыр, анекдот, жомок, кошок, арман, макал-лакаптар жана башкалар) түпкүлүгүндө бир киши тарабынан жаратылган болсо да, улам кийинки урпактар алымча-кошумча киргизип отуруп, ал коллективдик жалпы белгилерди камтып калган. Мисалы, уламышта Манас каза болгондо чоросу Ырчы уулдун анын баатырдык иштерин кошуп ырдаганы «Манас» эпосунун уюткусун түзгөн делет. Мындай чыгармалардын жеке авторун табуу мүмкүн эмес, ошондуктан булар Коллективдүү чыгармачылык менен жаралган элдик мурастар; 2) кээде жазма адабиятта да бир топ автор биригип, бир чыгарманы иштеши мүмкүн. Мисалы, «Семетей» эпосунун мотивинде акындар Ж. Турусбеков, Ж. Бөкөнбаев, К. Маликов «Айчүрөк» операсынын либреттосун жазышкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]