Мазмунга өтүү

Коллизиялык укук

Википедия дан

Коллизиялык укук – аркыл мамлекеттердин («тышкы» К. у.) мыйзамдарынын же бир мамлекеттин ченемдик актыларынын («ички» К. у.) ортосундагы коллизияларды чечүүчү ченемдердин жыйындысы. «Тышкы» К. у. эларалык жеке укуктун курамына кирет. Бир катар өлкөлөрдө (Улуу Британия, АКШ ж. б.) «эларалык жеке укук» түшүнүгү К. у. түшүнүгү менен окшоштурулат. «Ички» К. у. федералдык укуктун жана федерациянын субъектисинин укуктарынын ортосундагы карама-каршылыктар чыгуусу мүмкүн болгон федеративдик мамлекеттерде өзгөчө мааниге ээ болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]