Коллувий
Коллувий (латынча colluvio — жыйылуу, чогулуу, топтолуу) — тоо капталдарына, этектерине жыйылып калган кесек талкаланган тектер. Тоо тектердин талкаланышынан пайда болот. Оордук күчүнүн таасири астында каптал ылдый кулап, тартипсиз орун алат (мисалы, шагылдар). Талкаланган бөлүкчөлөр миздүү, кырдуу, урчуктуу келет. Чоңдугу ар кандай. Делювийден арасында өтө майда талкаланган тектердин (кум, чопо) жоктугу менен айырмаланат. Курулуш материалы болуп саналат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9