Колонат

Википедия дан

Колонат (латынча colonatus, colonus — дыйкан) — чыныгы өндүрүүчү (колон) менен ири жер ээси ортосундагы өндүрүш мамилелеринин өзгөчө формасы. Рим империясында калыптанып, кеңири тараган. Колонаттык система боюнча мурда бир борбордон башкарылып, кулдар иштетип келген жер менчиги көптөгөн чакан участкаларга бөлүнүп, колондорго иштетүү үчүн жерлер убактылуу пайдаланууга же ижарага берилгенетикалык Колондор жер ээсине алгач акчалай, кийин накталай (жыйналган түшүмдүн бир бөлүгү) алым төлөгөн. комитет ын тарыхы эки мезгилге бөлүнөт. Алгачкы мезгилде (биздин заманга чейинки 2-к. — биздин замандын 1-к.) жер ээси майда кул ээси катары эркин колонго участкасын иштетүүгө жерди (ижарага) бергенетикалык Ошондуктан Колонат кул ээлик мамилелердин бир гана формасы болгон. Экинчи мезгилде (биздин замандын 2-кылымдан) колон майда кул ээси эмес, өз алдынча өндүрүүчүгө айланган (к. Колондор).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]