Колониялуу организмдер

Википедия дан
Aptenodytes patagonicus.

Колониялуу организмдер — жыныссыз көбөйүүдө пайда болгон (бүчүрлөнгөн) муундар эне организминен бөлүнбөй, чогуу бир татаал түзүлүштүү — колония түзүп жашоочу организмдер. Колониялуу организмдер негизинен бир клеткалуу балырда, былпылдактарда жана башкалар кездешет. Айрымдары субстратка жабышып (радиолярия, сифонофора жана башкалар), кыймылсыз жашайт. Булардын аздыр-көптүр скелети болот. Колониялуу радиолярия, сифонофора жана башкалар суу тереңинде жашап, скелети жок, тунук болот. Колониялуу организмдердин көбү — деңиз жаныбарлары. Аларга жөнөкөйлөрдөн айрым шапалактуулар, радиоляриялар, көпчүлүк былпылдактар, ичеги көңдөйлүүлөр, бардык гидралар, шуру полиптери жана башкалар кирет. Алар колония түзүшү боюнча зооспоралуу жана автоспоралуу болуп бөлүнөт. Колониялуу организмдердин көбүнө метагенез, башкача айтканда колониялуу, вегетация жолу (жыныссыз) менен көбөйгөн муун, жыныс жолу менен көбөйгөн жалгыз муун менен кезектешүү мүнөздүү. Кээде дайыма же убактылуу чогулуп жашаган организмдер (кумурска, аары, термит, бактериялар, куштар, айрым сүт эмүүчүлөр) колония түзүп жашайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]