Колпакова Татьяна Алексеевна

Википедия дан

Колпакова Татьяна Алексеевна (18.10.1959, Чүй областтык, Аламүдүн району, Аламүдүн айылы) — спортчу (узундукка секирүү), олимпиялык оюндардын жана Кыргызстандын чемпиону жана рекордсмени. СССР спортунун чебери (1978), эл аралык класстагы чебер (1979), СССР спортунун Эмгек сиңирген чебери (1980). КМДТИни бүтүргөн (1988). 1979-ж. СССР курама командасына кирген. 22 олимпиялык оюндарда 7 м 6 см узундукка секирип, алтын медалды жеңип алган (1980, Москва). Европанын кубогуна жана 1981-ж. Румынияда (Бухарест) өткөрүлгөн Бүткүл дүйнөлүк студенттердин универсиадасына катышып, узундукка секирүү боюнча 1-орунга чыккан (6м 81см). Эл достугу ордени менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]