Колпаковский мөңгүсү

Википедия дан

Колпаковский мөңгүсүТескей Ала-Тоонун түштүк капталындагы татаал өрөөн тибиндеги эң ири мөңгү. Сары-Жаз суусунун оң куймасы Үч-Көлдүн алабында жайгашкан. узундугу 10 км, туурасы 1-1,1 км, аянты 30,7 км2, калыңдыгы 90-120 м, абляциясынын аянты 9,2 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңгээлинен 4750 м, этеги 3660 м бийикте жатат. Кар чегинин бийиктиги 4300-4350 м. «Тилинин» калыңдыгы 50 м. Мөңгү 1869-жылдан бери 1300 мге тартылган. Мөңгүдөн башталган суу Үч-Көл суусунун жогорку агымы Сары-Чатка сол тараптан куят. Орус генералы Г. А. Колпаковскийдин ысмынан аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]