Кол жазма

Википедия дан

Кол жазма — кандайдыр бир тексттин кол менен жазылган же машинка менен көчүрүлгөн, басмаканада терилсе да К. ж. укугунда гана жашаган түрү. «Кол жазма» деген түшүнүк адабият таанууда автор тарабынан жазылып, эгер машинкага басылган болсо, автордун текшерүүсүнөн өткөн текстке карата айтылат. Фольклористикада К. ж. көбүнчө айтуучулар эмес, изилдөөчү, жыйноочулар тарабынан түзүлөт. Бирок сабаты ачылган манасчылардын өз колу менен жазган варианттары да бар. Мисалы, Тоголок Молдо, Ы. Абдыракманов жана башкалар манасчылардын тексттери өздөрү тарабынан кагаз бетине түшүрүлгөн. Бул көрүнүш адабият-таануудагы автордун К. ж-сы (автография) жакын турат. «Манастын» белгилүү варианттарынын түп нуска, көчүрмө түрүндөгү К. ж-лары Кыргыз республикасынын Илимдер Академиясынын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4