Командировка

Википедия дан

Командировка – уюмдун жетекчисинин тескемеси боюнча кызмат тапшырмасын аткаруу үчүн кызматкердин туруктуу иштеген жеринен сырткары барып келүүсү. К-га барып келген, анын ичинде жолдо жүргөн учурдун баарында, ал адамдын жумуш орду (кызмат орду), орточо айлык акысы сакталып турат. Жолдо жүргөн жана К-да болгон арбир күнү үчүн, жөнөгөн жана кайра келген күндөрүнө кошо кызматкерге суткалык төлөнүп берилет. Ошондой эле туракжай жалдоого компенсация берилиши ыктымал. К-га барчу жерине жетүүчү жана кайра келүүчү чыгымдары тийешелүү жолдо жүрүү документтерине ылайык төлөнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]