Комаров мөңгүсү
Көрүнүш
Комаров мөңгүсү, Кызыл Үңөт мөңгүсү – Какшаал кырка тоосунун түндүк капталындагы өрөөн тибиндеги ири мөңгү. Узундугу 10,7 км, аянты 29,3 км2. Какшаал дарыясынын сол түзүүчүсү – Мүдүрүмдүн алабынан орун алган. Мөңгүнүн башы 5210 м, этеги 3900 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4050 м. Абляциясынын аянты 9,9 км2. Үч зор мөңгүнүн кошулушунан түзүлөт. Үч мөңгү бириккенден кийинки «тилинин» узундугу 2,5 км, туурасы 3 кмге жетет. Ал жазы келип, өрөөндүн таманына тик түшөт. Этегине жакын чакан жаңы этек моренасынын жатышы – мөңгү жакынкы мезгилде эле 30–40 мге чегингендигин айгинелейт. Кар сызыгынан жогору жыл бою кар жатат. Мөңгүдөн Кызыл-Үңөт суусу башталып, Мүдүрүмгө куят.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104-9