Комбатанттар

Википедия дан

Комбатанттар (фр. combatant – жоокер) – эларалык укукта каршылашып жаткан тараптардын куралдуу күчтөрүнүн курамына кирүүчү жана согуш аракеттерине түздөнтүз катышуу укугуна ээ болгон адамдар (1949-жылкы Согуш курмандыктарын коргоо жөнүндөгү Женева конвенцияларына Кошумча (1977-ж.) I протоколдун 43-ст., 2-п.). К. жөө аскерлердин, аскер-деңиз жана аскер-аба күчтөрүнүн өздүк курамын; партизандарды, өз ыктыярдуу кошуундардын өздүк курамын, эгер алар согуштук кемелерге кайра жабдылган болсо, деңиз соода кемелеринин жана жарандык авиация учактарынын экипаждарын камтыйт. Эгер согуш салттарын жана мыйзамдарын сакташса жана курал-жарактарды ачык алып жүрүшсө, кандай гана болбосун көтөрүлүшчүлөрдүн жана каршылык көрсөтүүчүлөрдүн убактылуу кошуундары К. катары таанылуулары мүмкүн. Комбатант эместерден айырмаланып К-га карата согуш аракеттеринин учурунда жоготууга чейинки баардык чараларды колдонууга болот. Душман тарапка колго түшүп калган К. (согуш аракеттерине мыйзамсыз катышып жүргөн адамдардан айырмаланып) согуш туткундарынын режиминен пайдаланышат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]