Комбинаторика топологиясы
Көрүнүш
Комбинаторика топологиясы – топологиянын геометриялык фигуралардын топологиялык касиеттерин элементардык фигураларга (мисалы симплекстерге) бөлүү жолу менен изилдөөчү бир бөлүгү. Комбинаторка топологиясында Беттин группасы, Беттин саны, Пуанкаре мүнөздөмөсү ж. б. топологиялык мүнөздөмөлөр каралат. Комбинаторка топологиясынын методдору аркылуу көптөгөн топологиялык теоремалар далилденген.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 4-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2012. 832 бет, илл. ISBN 978 9967-14-104 -9