Комментарий

Википедия дан

Комментарий – 1) кандайдыр бир текстке берилген түшүндүрмө; 2) бир нерсенин жөнүн чечмелеп түшүндүрүү, тактоо, аныктоо иретиндеги сын пикирлер, кошумча айтылган ойлор; адабий текстти, мурастарды изилдеп, филологиялык багытта изилдеп-иликтөөнүн түрү. Комментарий чыгармалар жыйнагында, мемуардык эмгектерде, атайын илимий басылмаларда ж. б. пайдаланылат. Анда тиги же бул чыгарманын жазылыш жана басылыш тарыхынан кабар берилет, ал жөнүндө жазылган ар түркүн эмгектер (макала, рецензия, пикир ж. б.) мүнөздөлөт, лингвистикалык, текстологиялык тактоолор жүргүзүлөт. Комментарий мазмуну боюнча текстологиялык, тарыхый-адабий, биографиялык, лингвистикалык болуп бөлүнөт. Булардын ар бири өзүнө гана тиешелүү маселелерди Комментарийлейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]