Коммерсант
Коммерсант – өнүккөн чет өлкөлөрдүн укуктарында дегеле ишкерди билдирүүчү түшүнүк. М.: АКШнын Жалпыга бирдей соода кодексинин 2-104-статьясына ылайык коммерсант – бул белгилүү товарлар менен аткарымдарды жүргүзүүчү же болбосо өзү алектенген иштер боюнча же бүтүмдүн заты болуп саналган товарлар жана аткарымдар жаатында өзгөчө билимге жана тажрыйбага ээ адам; ошондой билим, тажрыйбага ээ, ортомчулардын (агенттердин, далдалдардын) кызматтарынан пайдалануучу дагы К. катары таанылат.
Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7