Коммерсанть

Википедия дан

"Коммерсантъ-Daily" (1992-жылга чейин жөн гана "Коммерсантъ"; кыск. "Ъ") - бизнес блогуна басым жасалган коомдук-саясий күндөлүк орус гезити. "Коммерсантъ" басма үйү тарабынан чыгарылат. Чыгуу мезгилдүүлүгү - жумасына алты жолу (дүйшөмбүдөн ишембиге чейин).

1990-жылдан бери жарыяланат. Гезиттин редакциясы азыркы "Комерсантъ"-ты 1909-жылдан 1917-жылга чейин ушул ат менен чыккан гезиттин "мурасчысы" деп эсептейт (ушул себептен гезиттин атында ажыратуу белгиси бар).

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Гезитинин пилоттук номери 1989-жылы 9-декабрда жарык көргөн. 1990-жылдын 8-январынан 1992-жылдын сентябрына чейин апталык гезит болгон.

Журналист Дмитрий Яковлев тарабынан түзүлгөн жана ага 1999-жылга чейин таандык болгон. Ал гезиттин жаңы форматын түзгөн. Гезитке түрдүү тармактардан адистерди чакырып, аларга макала жазганды үйрөткөн. В.Д. Дранников бул багытты "фактынын журналистикасы" деп атаган.

2006-жылы Березовскийдин шериги Бадри Патаркацишвилиге сатылган. Патаркацишвили 2008-жылы дүйнөдөн кайткан. Гезит ошол эле жылы Алишер Усмановго сатылган (ага "Медиахолдинг" компаниясы аркылуу ээлик кылат).

2007-жылы "Коммерсантъ" төлөөгө кудуретсиздик жөнүндө кулактандырууларды жарыялоого укук утуп алган (мурда муну менен "Российская газета" алектенчү). 2008-жылы 29-январда "Российская газета" Москванын арбитраждык сотуна конкурсту жокко чыгарууну талап кылган доо арыз менен кайрылган. 23-июлда аталган укук өкмөттүн чечими менен "Комерсантъ"-ка ыйгарылган.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]