Коммуникация

Википедия дан

Коммуникация - бул байланыш – мамиле, карым-катыш, алака, өз ара түшүнүшүү деген маанини берет. Философия, социология, психология, педагогика илимдeринде бул түшүнүк aлдa кaчaн тaктaлгaн түшүнүктөрдүн бири. «Коммуникация» жaнa «байланыш» тeрминдeри бири-бири мeнeн маанилешпи деген суроонун туулушу тaбигий көрүнүш. Илимий aдaбияттaргa тaянсaк, бир канча энциклопедиялык сөздүктөрдө «коммуникация » термини – кабар берүү, билдирүү жолу, баарлашуу деп берилет. Мындай пикирди орус окумуштууларынан Лев С.Выготский, В.Н.Курбатов, Алексей А.Леонтьев жана Колен Черри, Толкотт Парсонстор жактап келишет. Ал эми, белгилүү орус окумуштуусу, философ Моисей С. Каган «коммуникация» термининин эки маанисин ачып көрсөткөн: 1) ал практикалык, материалдык, руханий, маалыматтык мүнөздөгү байланыш. Мындай учурда коммуникация – жөн гана жаңылык, маалымат берүү процесси болуп саналат; 2) коммуникация – субъект катары маалымат берүүчү болсо, объект – кабылдагыч катары берилген маалыматты кабыл алат, анын тегерегинде ой жүгүртөт жана турмушта колдонот. М.С. Каган коммуникация түшүнүгүн бир жактуу процесс деп эсептеген. Ал эми, байланыш – субъекттер арасындагы мамиле б. а. маалымат берүүчү да, алуучу да эмес, аңгемелешип жана сүйлөшүп жаткан адамдардын өз ара байланышы. Демек, байланыш – активдүү мүнөзгө ээ болуп, маалымат өнөктөштөрдүн ортосунда циркуляциялык милдет аткарат. Коммуникация – бир жактуу (монологичный) процесс болсо, байланыш – диалогдук мааниге ээ. Социопсихолог Галина М. Андреева бул эки терминди бирдей мааниде караган. «Байланыш» – башкача айтканда, коммуникация кеңири категорияга ээ, байланыштын структурасынын үч жактуу кароого болот:

  • 1.коммуникациялык – индивиддердин пикир алышуусу, мамилеси;
  • 2. интерактивдүү – уюм ичиндеги индивиддердин пикир алышуусу, тажрыйба алмашуусу, идеясы менен гана чектелбестен, өз ара аракеттенүүлөрүн да камтыйт;
  • 3. перцепциялык – партнерлордун өз ара мамилесинен улам бири-бирин жакындан таанып билүүсү, өз ара түшүнүү процессин билдирет . Мындай пикирди илимпоз Александр В. Соколов да колдогон. Ал «байланыш» – коммуникациялык ишмердүүлүктүн бир формасы, анын негизин коммуникацияга катышуучулар түзөт деген. Ушул себептен, коммуникацияга катышуучулардын карым-катышына, алака-мамилесине карата үч вариантта кароого болот деген:
  • 1) субъект-субъект арасындагы мамиле, өнөктөштөрдүн диалог иретинде пикир алышуусу. Коммуникациянын мындай формасы – пикир алышуу болуп саналат.
  • 2) субъект-объект алакасы, башкаруу формасындагы коммуникациялык ишмердүүлүккө мүнөздүү, анда коммуникатор реципиентти байланыштын таасири астындагы объект жана өздүк максатын ишке ашыруунун каражаты катары карайт.
  • 3) объект-субъект алакасы, тууроо, окшоштуруу формасындагы коммуникациялык ишмердүүлүгүнө мүнөздүү, анда реципиент максатына ылайык коммуникаторду тууроо үлгүсү катары тандап алат, ал эми коммуникатор өзүнүн коммуникациялык акттын катышуучусу болуп калгандыгын баамдабай да калат.

«Байланыш » - маалыматтык мүнөзгө ээ болгон карым-катыш процесси болсо, «маалымат» - иштин ал-жайы тууралуу билдирүү, бир нерсенин ал-абалын билдирүү дегендикке жатат. Ал эми, үчүнчү көз караштын жактоочулары, «байланыш» түшүнүгү коомдогу маалымат процессине толук жооп бере албайт. Маалымат процесси, коомдун эң кичинекей фрагменттеринен баштап, социалдык подсистемалар, деги эле коомдук организмдин кыймыл-аракетин камтыйт. Вербалдык формадагы байланыш (тил, кеп, текст башкача айтканда оозеки байланыш) коомдук карым-катыштын бир бөлүгүн гана түзөт, ал эми калган учурда вербалдык эмес байланыштар (мимика, жесттер, интонация жана башка ушундай сыяктуу) жана материалдык маданияттын алып жүрүүчүлөрү аркылуу белгилүү мейкиндик жана убакыт ичинде ишке ашат деген пикирди жакташат. Демек, «байланыш» – тек гана оозеки кептин жардамы менен адамдардын өз ара алака, карым-катышынын натыйжасында алардын ишмердүүлүктөрүн чагылдырган маалымат процесси болуп саналат. Калган учурдагы мамилелерди «социалдык коммуникация» термини менен туюнтууга болот. Натыйжада, коммуникация – жөн гана маалымат алмашуу болсо, кеңири мааниде «социалдык коммуникация» коом ичинде маалымат алмашуу, ал эми байланыш коомдогу оозеки байланыш болуп саналат дешкен.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Акматбекова Ж. Коммуникациянын башаты.-Б.,2011.-141 б.