Коммунисттик партиялар
Коммунисттик партиялар - коомду коммунисттик кайра курууга аракет кылган партиялар. РСДРП(б) 1918-ж. Лениндин демилгеси менен социал-демократиядан бөлүнүп чыгуу жана өз максатын - анда жакын көрүнгөн коммунизмди белгилөө үчүн РКП(б) деп кайра аталган.
Коммунисттик партиялардын көбү 20-30-жж. Сталин тарабынан башкарылган РКП(б)нын жана «марксизм-ленинизм» деген аталыштагы кеңири жайылган Коминтерндин керектөөлөрүнө ылайык калыптанган идеялардын комплексинин негизинде түзүлгөн. Индустриялык жумушчу таптын ролун мессиандык түшүнүүдөн улам Коммунисттик партиялар дүйнөлүк коммунисттик революцияны өткөрүүгө, кечирээк дүйнөлүк революциялык проццести жайылтууга багытталган. Коммунизмдин биринчи фазасы болгон социализмге өтүүнүн негизги принциптери деп алар пролетариаттын диктатурасын (кийинчерээк - башка эмгекчилер менен союздагы жумушчу таптын бийлигин) орнотууну, өндүрүштүн негизги каражаттарын мамлекет- тештирүүнү жана базар мамилелерин мамлекеттик пландык чарба жүргүзүү менен сүрүп чыгарууну эсептешкен. Алар үчүн революцияны эволюциянын жетишээрлик бааланбагандыгынан улам башка нукка бурулган коомдун жаңы сапатына жетишүүнүн каражаты катары жана мамлекетти тоталитаризмге айланган коомдук кайра түзүүлөрдүн каражаты катары абсолютташтыруу мүнөздүү. Коммунисттик партияларынын маанилүү сапаты болуп: сталиндик жана Сталинден кийинки РКП (б) - ВКП(б) - КПСС багыттарын, СССРдин өнүгүш тажрыйбасын, бардыгы үчүн үлгү, социализмге карай «түркүктүк жол» болгон «реалдуу социализмди» идеалдаштыруу эсептелет.
Коммунисттик партиялар «жаңы түрдөгү партиялар», «лениндик типтеги» деп аталышкан жана чындыкка монополиялык ээлик кылууну жана жетекчилик орунду көздөө менен өздөрүн бардык башка партияларга каршы коюшкан. Өздөрүнүн уюштуруучулук принциби катары демократиялык борбордоштурууну жарыялоо менен, ал аны - тирүү кезинде кынтыксыз жол башчы эсептелген, революцияда жана социализмге деген «түрүштүк жолдо» партиялык аппараттын катаал бийлигине - абсолюттук бийликке алып келген.
Коммунисттик партиялар эмгекчилердин эң бактысыз катмарларын коргоодо, фашизм менен колониялаштырууга каршы күрөшүүдө маанилүү тарыхый роль ойношкон, бирок ошол эле учурда өздөрү башкаруучу болуп калган жерлерде тоталитардык түрдөгү жеке режимдерин түзүүгө үлгүрүшкөн. СССРдин колдоосу менен алар 40-60-жж. Чыгыш Европа өлкөлөрүндө, бир катар Азия өлкөлөрүндө жана Кубада бийликке келишкен, Батыш Европанын айрым өлкөлөрүндө, Латын Америкасында, Кипрде таасирдүү болуп калышкан. Көпчүлүк өлкөлөрдө Коммунисттик партиялар, аз сандаган уюмдар бойдон калуу менен, догматизм менен сектантчылыктын айынан саясий турмушта жетишээрлик таасирге ээ боло алышкан эмес. Акыркы он жылдыкта жогорулап бараткан Коммунисттик партияларынын идеялык-саясий багытынын чыныгы турмуштук өнүгүүгө дал келбей калышы алардын көз караштары менен саясатын бир нече ирет модернизациялоодон четте боло алышкан жок. Бул ажырым Коммунисттик партияларынын көз караштарынын, саясатынын жана уюмдарынын терең кризиске батышына алып келди. Кризис баарыдан мурда өз өлкөлөрүнүн өнүгүшү үчүн жоопкерчилик алган Коммунисттик партияларды талкалады. Чыгыш Европада «реалдуу социализмдин» кыйрашы бул аймактын Коммунисттик партияларынын жана дүйнөнүн башка бир катар райондорунун Коммунисттик партияларынын жеңилишине, трансформацияланышына, ал тургай кулашына алып келди. КПССтин кризисинин тереңдеши жана анын сценадан кетиши Коммунисттик партиялардын салттуу көз караштарын, саясатын жана уюмдарын, алар тарабынан дүйнөдөгү жүрүп жаткан терең өзгөрүүлөргө ылайык жаңы идеялык-саясий багыттардын иштелип чыгышын олуттуу кайрадан карап чыгуу токтоосуз зарыл экендигин аныктады. Коммунисттик партияларды адамзаттын жашап кетишине жана өз өлкөлөрүнүн айкын шарттарында социалдык прогресске эффективдүү жетишүүгө жөндөмдүү партияларга трансформациялоо татаал процесс, болгону эң башкысы курсту социал-демократташтыруу максатында өнүгүү жана салттуулукту жактоочулар менен реставраторлордун келишпестигине урунуу гана байкалат.
1924-ж. республикалык партиялык уюм катары түзүлгөн Кыргызстан Коммунисттик партиясы 1991-ж. 31-августта Жогорку Советтин токтому менен биротоло жоюлуп, анын мүлкү улутташтырылган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8