Компаратор

Википедия дан

Компаратор (латынча comparo – салыштырам) – даярдалган буюмду, берилген мүнөздөгүч менен дал келүүсүн текшерүүгө жана өлчөөгө арналган прибор. Компаратор менен номиналы боюнча бири бирине жакын эки чоңдуктун айырмасы ченелет. Ченелүүчү объектинин өлчөмдөрү даяр үлгү эталонуна түздөн түз салыштыруунун негизинде иш жүзүнө ашат. Компаратордун ченегич бөлүгү катары винт шкалалуу жана оптикалык микрометрдүү окулярдуу микроскоп, фотоэлектрдик микроскоп, интерферометр колдонулат. Компаратор менен узундуктун мм дин үлүшүнөн баштап, ондогон мге чейинки бөлүгү ченелет. Буюмдун кемчиликтерин табуу атайын оператордун жардамы менен же автоматтык түрдө ишке ашырылат. Компаратор астрономияда, метеорологияда, машина курууда, геодезияда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]