Комплексондор

Википедия дан

Комплексондор – металл иондору менен курамы туруктуу болгон ички комплекстик бирикмелерди пайда кылуучу, полиамин- полиалкилкарбон, окси (амин) алкилидендифосфон к-талары жана алардын туундулары. Сууда жана щелочтор эритмелеринде эрийт, орг. эриткичтерде эрибейт, ажыроо менен балкып эрийт. К. өтө туруктуулугу, алардын эки, үч же андан көп хелаттык циклдер (металлоцикл) биригишине байланыштуу. 200 жакын К. белгилүү. Практикада этилендиаминтетрауксус к-тасы (комплексон II) [(НООССН 2)2NСН2]2 жана анын эки натрийлүү тузу (комплексон III) же трилон Б, нитрилотриуксус к-тасы (комплексон I) 1,1,4,7,7-диэтилентриаминоуксус к-тасы, нитрилотриметиленфосфон к-тасы кеңири колдонулат. К. негизги колдонулуучу тармактары: комплексонометрияда титрант катарында, аналитикалык химияда металлдар иондорун бөлүүдө, суунун шорлуулугун азайтууда, жылуулук энергетикалык жабдууларга жабышкан туздан тазалоодо пайдалануучу аралашманын бир компоненти катарында, түстүү пленкаларды өңүнө чыгаруу иштеринде, организмден уулуу металлды жана Са-ди бөлүп чыгарууда колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]