Комплекстүү жер семирткичтер

Википедия дан

Комплекстүү жер семирткичтер – курамында ар кандай катышта эки, үч же андан көп азык элементтери (азот, фосфор, калий жана микроэлементтер) бар жер семирткичтер. Комплекстүү жер семирткичтер азык элементтеринин санына жараша экилтик (азот-калий, калий-фосфор, азот-фосфор) жана үчилтик (азот-фосфор-калий) деп бөлүнөт. Өндүрүп алуу ыкмасына жараша татаал, татаал аралашма жана аралашма, агрегаттык абалы боюнча — суюк жана катуу болуп да айырмаланат. Татаал Комплекстүү жер семирткичтерге аммофос, диаммофос, калий селитрасы, полифосфаттар таандык. Татаал аралашма Комплекстүү жер семирткичтер экиден кем эмес азык заттарын камтыйт да, бирдиктүү технол. процесстин негизинде аммиактын, фосфор, азот жана күкүрт кислоталарынын, аммоний нитратынын эритмесинин, фосфориттин жана аппатиттин, калий туздарынын ж. б. алгачкы компоненттеринин химиялык өз ара аракеттенүүсүнөн алынат. Буларга нитрофоска, нитроаммафос, мочевина фосфаты, фосфор амиди кирет. Аралашма жер семирткичтер эки, үч жөнөкөй жер семирткичтерди механикалык жол менен аралаштыруудан алынат. Мында семирткичтерди аралаштыруу эрежесин туура сактоо талап кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]