Компоненттер

Википедия дан

Компоненттер (лат. componens – түзүүчүлөр) - теңсалмактуу абалдагы термодинамикалык системаны түзүүчү, бул системадан бөлүнүп алынуучу көзкаранды болбогон химиялык өз алдынча заттар.

Компоненттердин концентрациясы көзкаранды болгон термодинамикалык потенциалдар менен мүнөздөлгөн Компоненттер термодинамикалык системанын ар кандай фазаларында (катуу, суюк, газ) болушу мүмкүн. Эгерде Компоненттердин саны башкаларынын санына көзкаранды болбосо, анда Компоненттер көзкаранды эмес деп аталат; алардын ортолорунда химиялык реакциялар болбосо, баары тең көзкарандысыз болот. Көзкаранды эмес Компоненттер жана мүмкүн болгон фазалар саны Гиббстин фазалар эрежеси менен байланышкан. Эгерде системада химиялык реакция жүрбөсө, анда аны физикалык система деп аташат (мис., бензол – глицериндин суюк аралашмасы). Ал эми системада химиялык реакция жүрсө, анда көзкаранды эмес Компоненттер деп реакцияга кирүүчү заттарды же болбосо реакциянын натыйжасында чыккан продуктуларды атаса болот. Мис., СаО менен СО2 реакцияга киргенде СаСО3 пайда болот. Мында өзүнчө Компоненттер деп эсептеп, СО2 ни термикалык диссоциациянын продуктусу катары караса болот. Суу, муз жана буудан турган теңсалмактуу термодинамикалык система – бир компоненттүү үч фазалуу система. Мында үч фаза тең бир эле компоненттен – Н2О дон түзүлөт. Компоненттердин санына жараша система бир компоненттүү, кош компоненттүү, үчилтик жана көп компоненттүү деп бөлүнөт. Компоненттер түшүнүгүн 1875–76-жж. амер. физик Ж.У.Гиббс киргизген жана көп компоненттүү, көп фазалуу системалардын термодинамикасын ал 1902-ж. иштеп чыккан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]