Компьютер Тармагынын Жабдуулары

Википедия дан

Компьютердик тармак жабдуулары кабел, тармак кардтар, коннекторлор, концентраторлор, жолтапкычтар, коммутаторлор жана башка ушундай сыяктуу түзүлүштөрдү камтыйт. Реалдык тармак иштеш үчүн ар компьютер үчүн тармак такталары талап кылынат. Тармак кардтары компьютерди системдик тактасынын бош коңул орундарына орнотулат. Тармак кардтына атайын бириктиргич аркылуу кабел туташтырылат. Тармак кардтан башка концентраторлор, коммутаторлор жана башка түзүлүштөр колдонулат. Концентраторлор компьютерлерди жылдызча тармак түрүндө уюштурууга мүмкүндүк берет. Ар компьютер концентратор менен узундугу 200 метрге чейин кабел аркылуу туташтырылат. Эгерде 200 метрден узун болуп калса анда кошумча концентраторду пайдалануу керек. Коммутатор бул жайылган чоң компьютер тармактарын түзүүдө концентраторлорду туташтыруучу түзүлүш. Коммутатордун жардамы менен бир нече жылдызча тармактан турган тармакты түзүүгө болот.

Англисче аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Computer network equipment

Орусча аталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Компьютерное оборудование сети

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак.
    "КОМПЬЮТЕР жана ИНТЕРНЕТ Энциклопедиялык окуу куралы".
    Башкы редактор Ү. Асанов; Ред. кеңеш У.Н.Бримкулов. - Бишкек, Кыргызстан 2004-ж.