Компьютер програмын иштеп чыгуунун өмүр циклы

Википедия дан

Компьютер програмын иштеп чыгуунун өмүр циклы (Program Development Life Cycle (PDCL) - Цикл жизни разработки программ). Програмды иштеп чыгуунун өмүр циклы - компьютердик програмды түзүүдө колдонулган кадамдар. Маалыматтар системин иштеп чыгуунун өмүр циклы сыяктуу, програмды иштеп чыгуунун өмүр циклы програмды түзүүдө програмдоочу пайдаланган каражаттар. Програмды иштеп чыгуунун өмүр циклы төмөнкү алты кадамдан турат:

  • 1. Проблемди анализдөө
  • 2. Програмды иштеп чыгуу
  • 3. Програмды коддоо
  • 4. Програмды тестирлөө
  • 5. Чечимдерди формалдаштыруу
  • 6. Програмды тейлөө.

Програмды түзүү маалыматтар системинин ичинде улануучу процесс, себеби PDLC сүрөттө көрсөтүлгөндөй айлампаны түзөт жана ал улануучу процесс. Програмды тейлөө кадамы, анын кийинки кадамы болгон проблемди анализдөө кадамы менен биригип айлампаны түзөт. Програмда ката табылганда же програмды өркүндөтүү үчүн програмды өзгөртүү чечими кабыл алынганда байланыш аткарылып айлампа түзүлөт. Ошентип, проблемди кайрадан анализдөө кадамы менен баштап, програмды иштеп чыгуунун өмүр циклы кайталап иштетилет.

  • 1. Проблемди анализдөө - Програмдын талаптарын карап чыгуу. Аналитик жана колдонуучу менен жолугушуу.
  • 2. Програмды иштеп чыгуу - Аракеттерди модулдарга бөлүү. Чечимдин алгоритмин табуу. Програмдын компоненттерин аныктоо жана чечим алгоритмин сыноо.
  • 3. Програмды коддоо - Чечим алгоритмин программалоо тилине которуу жана аны компьютерге киргизүү.
  • 4. Програмды тестирлөө - Синтаксистик жана логикалык каталарды оңдоо.
  • 5. Чечимди формалдаштыруу - Програм кодун жана документтерди баяндоо
  • 6. Програмды тейлөө - Каталарды жана өркүндөтүүнү аныктоо

Колдонулган булак[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • У.Н. Бримкулов, А.С. Өмүралиев, В.Ф. Бабак."КОМПЬЮТЕР жана ИНТЕРНЕТ Энциклопедиялык окуу куралы". Бишкек, Кыргызстан 2004-ж.