Комунитардык кыймыл

Википедия дан

Комунитардык кыймыл - жаңы социалдык кыймылдардын бутагына таандык; индивиддин өздүк стилине жана жашоо образына, өздүк чөйрөсүн калыптандыруу укугун коргойт.

Комунитардык кыймыл көп учурда коомдук турмуштун эскирген формаларынын кыйрашы менен коштолгон өзгөчө интенсивдүү модерндештирүү мезгилдеринде активдештирилген. Ага мис., европалык романтизм менен америкалык коммунитаризм: биринчиси-өнөр жай революциясына эпкиндүү жооп катары болсо, экинчиси - XV к. башындагы урбанизацияга жооп болгон.

Бүгүнкү күндөгү коммунитаризм контркультуранын агымдарынын тегерегинде кайра жаралган жана сапаттык жаңы социалдык тартиптин түзүлүшүн көрсөткөн. Ал өзүн-өзү башкаруу башаттарында өкүм сүргөн эркин жарандардын децентралдаштырылган коммунитардык биримдигине негизделген.

Комунитардык кыймыл күчтүү утопиялык маңызга ээ. «Чоң коомго» карты турган, өзүнүн утопиясын сөзсүз түрдө ишке ашырууга умтулуусу менен мүнөздөлөт. Ошону менен бирге ал жарандык демилгелер, өзүнө-өзү жардам берүү тармактарын түзүү үчүн кыймыл сыяктуу жаңы социалдык кыймылдардын терең прагматикалык багыттары менен байланышкан. Альтернативдүү диний кыймылдардын өкүм сүрүүсүнүн формасы катары коммунитаризм көп учурда кездешет. Жалпысынан алганда коммунитардык пландагы кыймылдар жаңы түшүндүрүлгөн «убакыттан тышкары» баалуулуктарга таянган, кезектеги коомдук консенсустун орношуна бел койгон жаңы түшүнүүнү иштеп чыгууга кызмат кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8