Конвенционализм

Википедия дан

Конвенционализм (лат. conventio - макулдашуу, келишим) - философиядагы субъективдүү идеалисттик багыт.

Конвенционализмдин негиздөөчүсү А.Пуанкаре. Оксфорддук сөздүккө ылайык:

  • 1) конвенционалдуу (өз ара кабыл алууга боло турган) нерсеге карата жактоочулук же ымалага келишүүчүлүк, конвенционалдуу салттарды жана жүрүм-турум эрежелерин

сактоо тенденциясы;

  • 2) жөн гана конвенцияга тийиштүүлөрдү мүнөздөөчүлөрдүн бардыгы;
  • 3) логика принциби - «жөн гана макулдашуунун предмети деп тапкан философиялык принциби».

Советтик коомдук окууда бул терминдин үчүнчү мааниси эң толук чагылдырылган; этикада «макулдашуучулук» императивдик жана конвенционалдык ыкмаларды карты коюуда Конвенционализм термини сейрек колдонулат; акыркысы биринчиге Караганда курчураак сындалат. Р. Карнап Конвенционализм чыдамкайлуулуктун принциби катары түшүндүргөн. Ал «ушундай дейли да, макул бололу», «...жөнүндө келишелик» тибиндеги жоболордун негизинде илим жана социумдук эрежелердин түзүлүшүндөгү ролун баса көрсөткөн. Эл аралык келишимдердин тилинде «конвенция» - мамлекеттер ортосундагы келишимди, трактатты билдиргендигин эстесек, саясий мазмунда Конвенционализм өз ара кабыл алына турган жашоо шарттарына, мүмкүн болсо саясий Курска да карата бардык саясий күчтөрдүн, алардын лидерин мамлекеттердин, топтордун, индивиддердин пикиринин макулдашуусу, идеялык консенсус платформасы катары түшүндүрсө болот. Конструктивдүү Конвенционализм демократтык процесстин маанилүү убактысына, жактырылган же бардыгы тарабынан кабыл алына турган саясий процедураларга таянат. Конвенционализм термини менен макулдашуулардын, келишимдердин, конвенциялардын, пактылардын, статьялардын түзүлүш, ишке ашыруу жана түшүндүрүү процедурасын да чагылдыруу мүмкүн. Саясий философия катары Конвенционализм - коомдун ачыктыгынан, саясий чечимдердин сапатын, текшерүүчүлүктүн белгиси, кризистик кырдаалдардан чыгуунун адекваттуу ыкмасы.

Конвенционализм - эл аралык укуктун маанилүү идеялык платформасы. Бирок айрым шарттарда макул болуучулукка өтө көп маани берүү «чын эмес консенсус» (элита жана элита эместердин, «жеңүүчүлөр» жана «жеңилгендердин» ортосунда (феноменин жаратып, социалдык күчтөрдүн жана саясий кыймылдардын ортосундагы чыныгы карама-каршылыктарды жашырып коёт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б.

ISBN 978-9967-27-790-8