Конвергенция зонасы

Википедия дан

Конвергенция зонасы – дүйнөлүк океан бетиндеги агымдардын бири бирине кездешип, суунун чөккөн аймагы. Адатта, жылуу жана муздак суулардын кошулган жеринде пайда болот. Конвергенция зонасы океан табиятынын эң негизги бөлүгү катары тереңдиктеги катмарын салыштырмалуу жогорку температура жана кычкылтек мн камсыз кылат. Дүйнөлүк океанда туруктуу 4 Конвергенция зонасы белгиленген: түндүк жана түштүк субполярдык менен түндүк жана түштүк субтропиктик. Түштүк уюлга жакын Конвергенция зонасы 50° жана 60° түштүк кеңдиктердин аралыгында Жер шарын курчап жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]