Конверсия

Википедия дан

Конверсия (лат.conversio - өзгөрүү, кубулуу) - грамматикада жана лексикада мааниси боюнча бири-бирине эквивалент сүйлөмдөр аркылуу информацияны (субъект-объектилик мамилерди) туюндуруу ыкмасы.

Конверсия грамматикада бир эле маани эки башка конструкцияда өзгөрүлүп туюндурулат. Мис., Ректор студентке сыйлык берди. Студент ректордон сыйлык алды. Бул грамматикалык Конверсия деп аталат. Лексикада Конверсия ар түрдүү сөздөр менен туюндурулат. Анда эки жактуу субъект-объектилик мамилени туюндурган лексикалык конверсивдер колдонулат. Мис., Алардын түшүмү биздикинен мыкты. Биздин түшүм алар-дыкына жетпейт. Эжем агамдан улуу. Агам эжемден кичүү. В.В.Виноградов - Л.В.Щербанын шакирти. Л.В.Щерба - В.В- Виноградовдун устаты ж.б.

Конверсия боюнча кайра түзүүдө сүйлөмдө субъект менен объект бири-бири менен орун алмашат. Мындай конструкциялар бирдей эле маанини туюндурат да, тилдеги синонимия каражаты катары колдонулат. Ошо аркылуу сүйлөмдөгү актуалдуу мүчөгө басым коюлат. Конверсивдер ар түрдүү мааниде, кээде бири-бирине дал келбеген антонимдик мааниде да болот. (М: достошуу, урушуу, жолдош, коллега, авторлош, кошуна ж.б) алардын синтаксистик жана семантикалык табияты баштапкы сүйлөмдө да, о.э. өзгөртүлгөн кийинки сүйлөмдө да конверсиялык мамиле-маанини туюндурат (салыштырыңыз: Асан Садык менен кесиптеш жана Садык Асан менен кесиптеш).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4