Конвертер процесси

Википедия дан

Конвертер процесси - кошундулуу металлды же түстүү металлдын сульфидин алуу үчүн жездүү, никелдүү жана коргошундуу суюк штейндерди кайра иштетүүчү пирометаллургиялык процесс.

Конвертер процесси көлкүлдөп эритилген штейндерди аба же техникалык кычкылтек менен үйлөтүү аркылуу конвертерде иштетилет. Аба агымы көлкүлдөк эритмеге аралашканда күкүрткө Караганда кычкылтекке жакыныраак болгон металлдардын сульфиди тез кычкылданат. Түстүү металлургиянын штейндеринде мындай металл болуп темир эсептелет. Темирдин суюк окиси конвертерге флюс кошулуу менен шлакка айландырылат да, ал шлактын тыгыздыгы штейндикинен төмөн болгондуктан эритменин бетине калкып чыгып, мезгил-мезгили менен калпып алынат.

Жез өндүрүшүндө Конвертер процесси эки мезгилге бөлүнөт: 1-мезгилде штейндеги темир бүтүндөй алып чыгарылат, 2-мезгилде калган жез сульфиди абадагы кычкылтек менен кычкылдандырылып (Cu2S+02=2Cu+S02), акырында кошундулуу жез алынат.

Коргошун өндүрүшүндө жез-коргошундуу штейн Конвертер процессинен өткөрүлөт. Биринчи мезгилде цинк менен коргошундун сульфиддери кычкылдандырылат да, алардын кычкылдары шлакка айландырылат. Экинчи мезгилде иштеткенде коргошундуу (4% ке чейин) жез алынат. Конвертер процессинде сульфиддер кычкылданганда штейнди суюк абалда карман гана турбастан, конвертерге салынган кошмо түстүү металлдарды эрите тургандай жылуулук бөлүнүп чыгарылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.