Конденсатор

Википедия дан

Конденсатор (латынча condenso – тыгыздайм, коюулантам) – 1) газ (буу) түрүндөгү затты суюк же катуу затка айландыруучу аппарат. Конденсатордо буу температурасы төмөн болгон металл бетке (беттик Конденсатор) же сууга тийгенде (контакттуу Конденсатор) конденсацияланат. Конденсатор химиялык технологияда, жылуулук жана муздаткыч курулмаларында ж. б. кеңири колдонулат; 2) электр Конденсатору – бири-биринен өлчөмү алардан жука диэлектрик менен бөлүнгөн кыймылдуу же кыймылсыз эки же андан көп электроддордон турган, өз ара электр сыйымдуулукту түзгөн система. Диэлектрик катары газ, суюктук, электр өткөрбөөчү катуу заттар жана жарым өткөргүчтөр алынат. Диэлектриктин түрүнө жараша электрод материалы төмөнкүчө айырмаланат: кагаз, аба, карапа, плёнкалуу, слюдалуу, электролиттик Конденсаторлор. Конструкциясы боюнча туруктуу жана өзгөрмө сыйымдуулуктагы Конденсатор болуп бөлүнөт. Радиотехникалык жана электр-техникалык курулмаларда кеңири колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]