Кондитер өндүрүшү

Википедия дан

Кондитер өндүрүшү – курамында кант басымдуу болгон жогорку калориялуу тамак-аш азыктарын өндүрүүчү өнөр жай тармагы. Ага канттан жана ундан иштелип чыккан кондитердик азыктар кирет. Бул топтор өзүнө карамель, конфет, шоколад, мармелад, вафли, печенье, крекер, ж. б. камтыйт. Кондитер өндүрүшү өтө динамикалуу өнүгүп келе жаткан өндүрүш тармагы болуп саналат. Акыркы жылдары кондитер азыктарды колдонуу киши башына 8,5 кгдан 10 кгга чейин өскөн. Кыргызстанда «Таттуу», «Куликов», «Ширин» ж. б. кондитердик ишканалар бар.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]