Кондуктометрия

Википедия дан

Кондуктометрия - электролиттер электр өткөрүмдүүлүгүн өлчөөгө негизделгеи электрхим. анализ методунун бири. Электролиттер эритмесинин концентрациясын аныктоо үчүн коддонулат. Кондуктометрлик титрлөөдө акыркы чекити эритменин электр өткөрүмдүүлүгүнүн кошулган титрант көлөмүнө көз карандылыгын көрсөткөн ийри сызыгы сынган жери аркылуу аныкталат. Бул метод автоматташтырганга ыңгайлуу. К. таза заттар жана эритмелер физ. физ.-хим. касиеттерин изилдөөдө, химиялык кинетикада электролиттер диссоциациясын, к-талар негиздүүлүгүн, иондор диффузия коэффициентин, эритүүнүн кинетикасын, эригичтүүлүктү изилдөөдө колдонулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]