Кондучалова Сагипа

Википедия дан

Кондучалова Сагипа (1926, Аламүдүн району, Кара-Жыгач айылы) — тилчи, педагог. Филология илимдеринин кандидаты (1964), профессор (1982). Фрунзе педагогика институтунун тил жана адабият факультетин бүткөн (1949). 1949 — 52-ж. Фрунзедеги Кыргыз кыздар окуу жайында, 1952—55-ж. Кыргыз кыз-келиндер интунда иштеген.

1955—59-ж. Кыргыз ССР Илимдер акдемиясынын Тил жана адабиятинститутунда кенже илимий кызматкер. 1959—70-ж. Ош педагогика институтунун кафедра башчысы, 1970—73-ж. Маяковский атындагы кыз-келиндер педагогика институтунда доцент, 1973 — 88-ж. кафедра башчысы. К. кандидаттык диссертациясын «Радловдун кыргыз тили боюнча жыйнаган материалдары» (1959) деген темада коргогон. Ал «В. В. Радловдун жыйнаган материалдарындагы кыргыз тилинин фонетикалык өзгөчөлуктөрү» (1961), «В. В. Радловдун жыйнаган материалдарындагы кыргыз тилинин лексикалык жана грамматикалык өзгөчөлүктөру» (1964) деген эмгектеринде орус окумуштуусу жазып кеткен кыргыз оозеки чыгармачылыгынын үлгүлөрүнө, асыресе, «Манас» эпосунун тексттерине фонетикалык, лексикалык жана грамматикалык талдоо жүргүзүп — фактыларды азыркы түндүк кыргыз говорлору менен адабий тилдин материалдарына салыштырып текшерген.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4