Конкреттүүлүк

Википедия дан

Конкреттүүлүк (лат. concretusкоюлган, тыгыз, ашташкан) - көп түрдүүлүктөгү бирдейлик, жекеликтеги жалпылык ж. б. жактардын чыныгы байланышы, объектинин чектери, алардын катнаштарынын, өз ара аракеттеринин, карама-каршылыктарынын көп кырдуулугун билүү.

И. Кант, И. Фихте, Г. Гегель Конкреттүүлүктү материалдык негизинен ажыратып, таза духовный көрүнүш катары карашкан. Диалек. материализмде «Конкреттүүлүк» түшүнүгү туюм аркылуу кабыл алынуучу бир бүтүн нерсе катары колдонулат. Бул мааниде Конкреттүүлүк - таанымдын башаты. Теориялык ойлоодо Конкреттүүлүк кубулуштардын закон ченемин, өсүү тенденциясын, нерселердин жана окуялардын олуттуу байланыштарын жана катнаштарын ачуучу илимий аныктамалардын системасы катары көрүнөт. Конкреттүүлүк абстракттуулукка карама-каршы түшүнүк жана аны менен салыштырылып каралат. Тааным процессинде ой абстракттуулуктан Конкреттүүлүккө карай жылат. Конкреттүүлүк категориясы матер, диалектиканын системасында чоң методологиялык мааниге ээ. Диалек. негизги принциптердин бири - чындыктын конкреттүүлүгүн моюнга алуу. Конкреттүүлүк табигый жана коомдук турмуштун фактыларына жалпы формула жана схема боюнча мамиле кылбастан, тааным объектисинин бардык реалдуу шарттарын эске алуу, негизги олуттуу касиеттерин, байланыштарын, тенденцияларын кароо зарылчылыгын талап кылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1978. Том 3. Ирик - Лактар. -640 б.