Коннотация

Википедия дан

Коннотация (лат. connotatio, connote - кошумча маани бар) - тилдик каражаттардын өз алдынча турган учурда (узуалдык негизде) же сүйлөшүүдө колдонгон мезгилде (окказионалдык мүнөздө) эмоционалдык, баа берүүчүлүк, стилдик боекко ээ болушу. Т.а., тилдик каражаттардын өзүлөрүнүн лексикалык, грамматикалык түз маанисинен (денотаттык маанисинен) сырткары бир нече кошумча маанилерди туюндурушу.

Коннотация, кеңири мааниде айтуучунун көзкарашына, маданий деңгээлине, таалим-тарбиясына байланыштуу, ошондой эле айтуучунун өзү туюндуруп жаткан нерсеге карата эмоционалдык жана баа берүүчүлүк мамилесине жараша, сүйлөшүүнүн стилдик табиятына ылайык тилдик каражаттардын экспрессивдик функциясына, түшүнүктүк-предметтик маанилерине кошумча бир нече маанилердин чөгөрүлүшү болуп эсептелет. Коннотация тар мааниде караганда, тилдик каражаттардын өзүнүн маанисинен сырткары кошумча семантикалык компоненти. Коннотациянын сүйлөшүүдөгү субъективдүү табияты тилдик каражаттардын когнитивдик (таанып билүүчүлүк, гносеологиялык) функцияны аркалаган объективдүү мазмунуна карама - каршы келет. Коннотациянын субъективдүү мүнөзү бир эле көрүнүштү туюндурган тилдик каражаттын ар түрдүү интерпретацияланыш мүмкүнчүлүгүнөн байкалат. Мис., «көз жашы» деген туюнтма сүйлөшүүдө терс мааниде да жана оң мааниде да колдонулушу, түшүндүрүлүшү мүмкүн. Коннотация тексттин экспрессивдик боегун түзгөн эмотивдик-прагматикалык аспектилер менен тыгыз байланыштуу.

Коннотациянын мазмуну, анын тилдик бүтүндөй маңызы - өзүнчө бир прагматикалык «полуфабрикат». Ал сүйлөшүүдө колдонулганда гана субъективдүү модалдуулукка ээ болот. Коннотациянын структурасында ассоциативдик-образдык компонент тилдик бирдиктеги денотативдик жана коннотатавдик маанилерди байланыштыруучу, андагы баа берүүчүлүк квалификацияны, стилдик маркировканы негиздөөчү компонент катары саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4