Коновалов мыйзамдары

Википедия дан

Коновалов мыйзамдары

Биринчи мыйзамы:

1) Эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компонет, суюктуктагы концентрациясы көбөйгөн сайын, эритменин буусунун басымы чоңоёт.

2) Эритмеге караганда бууда азыраак болгон компонент суюктуктагы концентрациясынын көбөйүшү менен эритменин буусунун басымы азаят.

3) Эритмеге караганда бууда көбүрөөк болгон компонент суюктуктагы конц. көбөйүшү менен эритменин кайноо темп-расы азаят.

4) Эритмеге караганда бууда азыраак болгон компонент суюктуктагы конц. көбөйүгөн сайын эритменин кайноо темп-расы чоңоёт.

Экинчи мыйзамы: Экстремум чекитинде буунун басымы изотермиялык шартта же кайноо температурасы изобардык шартта буу жана суюктук курамы бирдей (Басым жана температурасы экстремумдарына ээ болгон эритмелер азотроптук же бөлүнбөс кайноочулар деп аталат).

Үчүнчү мыйзамы: Изотермиялык жана изобаралык шартта эритменин жана буунун курамы симбаттуу өзгөрөт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]