Консервативдик партиялар

Википедия дан

Консервативдик партиялар - тарыхта мамлекеттик жана коомдук турмуштун формаларын биринчи кезекте улут, дин, үй-бүлө, менчик, никеде чагылдырган анын моралдык - укуктук негиздерин сактоого жана колдоого багыт алган саясий идеологияга негизделет.

Биринчи жолу «консерватизм» терминин француз жазуучусу Ф.Р. Шатобриан Улуу Француз революциясына (1789-1793) катышкан белгилүү саясий топтордун идеологиясына мүнөздөмө берүүдө колдонгон. Консерватизм туура келген уюмдардын негизи катары либерализмге жана социализмге карты күрөштө туулган. Биринчисин ал адаттагы тартиптерди сындоону алып жүргөн рационалисттик пафосунун бардыгынан улам жаратпаса, экинчисин - социализмге жана анын саясий уюмдарга таандык революциячыл умтулууларынан улам кабыл алган эмес. Саясий консерватизм - реакция эмес; анда реакциячыл идеологиянын элементтери бар. Бирок ага азыркы

Консервативдик партиялардын саясатында «консервативдик революцияга» айлануучу реформисттик потенциал көбүрөөк таандык: келечекте сактап калууга татыктуу болгон өткөндүн бөлүгүн калыбына келтирүү. Ушунун негизинде азыркы Консервативдик партиялар кабыл алган неоконсерватизм идеологиясы келип чыккан. Коомдун жана инсандын негизги органикалык баалуулуктарын сактоого багыт алган Консервативдик партиялар (мис., Улуу Британиянын Консервативдик партиясы) коомдун түрдүү катмарларында кеңири социалдык базасына ээ. Ал адамдардын жашоо жол-жобосунун жана ой-жүгүртүүлөрүнүн туруктуулугуна умтулуусу жана объективдүү өзгөрүүлөрдүн социалдык-маданий жана моралдык-этикалык натыйжаларын кабыл албоосу менен шартталган. «Калкты башкаруу - бул профессионалдык топтордун иши болуш керек» - деген терең ишенүүсү Консервативдик партияларга туруктуулукту берет.

Неоконсерватизм идеологиясын өздөштүргөн бүгүнкү күндөгү Консервативдик партиялардын либералдык жана неолибералдык партияларга, алардын саясий жана идеологиялык көрсөтмөлөрү менен жакындоо байкалууда. Либералдык рыноктук принциптер кабыл алынып, тартипти жана мыйзамдуулукту кармоонун каражаты катары этатизмцин жогорулашы байкалат. Өкүм сүрүп жаткан дүйнөлүк тартиптин этикалык аспектисине, мектеп, чиркөө, үй-бүлө сыяктуу социалдык институттардын бекемделишине, инсан жана мамлекеттин ортосундагы байланыштыруучу тизмек жана авантюризм жана адам укуктарын басып алууга тоскоолдук катары турмуштун ассоциациялык формаларына чоң басым жасалат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8