Консигнация

Википедия дан

Консигнация (лат. consuignatio – колу, жазуу жүзүндө бышыктоо) – товарларды комиссиялык сатуунун таризи. К. келишими боюнча сатуучу ( консигнант ) товарды соода-сатык ортомчусунун (консигнатордун) кампасына жеткирип берет, ал белгилүү мөөнөткө товарды өз атынан жана консигнанттын эсебинен сатууга милдеттүү. Ошол эле учурда ортомчунун кампасына келип түшкөн товарларга болгон менчик укугу товар сатылгыча сатуучуда кала берет. К. келишими адатта кеңири керектелүүчү товарларды сатууда пайдаланылат. Мөөнөтүндө сатылбаган товар, эгер К. келишимине товардын белгилүү бөлүгүн же баарысын кайтарып берүү жөнүндө шарт киргизилбесе, консигнантка кайтарылып берилет. Тараптардын ортосундагы эсептешүүлөр сатып өткөрүүгө жараша жүргүзүлөт. Ал товарларды экспорттук-импорттук жеткирип берүүлөрдө кеңири колдонулса дагы КР жарандык мыйзамдарында К. келишиминин түшүнүгү берилген эмес.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]