Консоль

Википедия дан

Консоль (французча console) – 1) бир жагы бекем бекилген, экинчи жагы бош курулуш конструкциясы (мисалы, устун же ферма) же анын тирөөчтөн ашыра коюлган конструкциялык бөлүгү. Консоль көбүнчө курулушта кошумча тирөөч коюуга мүмкүн эмес жагдайда колдонулат; 2) дубалда карниз, балкон, фигура ж. б. кармалып туруучу урчук же дубалдан бир учу чыгарылып коюлган устун; 3) учуучу аппараттын (самолёттун) канатынын учунан корпуска (фюзеляжга) чейинки бөлүгү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]