Консорциум
Көрүнүш
Консорциум (лат. consortium – тең катышуу, бирлештик) – өзалдынча ишкер түзүмдөрдүн тапшырыктарды биргелешип жайгаштыруу, өндүрүштүк, ири өлчөмдөгү кредиттик-каржылык жана маркетинг аткарымдарын жүргүзүү, өнөржай курулушунда ири масштабдагы долбоорлорду ишке ашыруу, бүткүл ишкердикти координациялоо; пайдалуу тапшырыктарды алуу жана аларды биргелешип аткаруу үчүн түзүлгөн убактылуу бирикме (макулдашуу). Консорционалдык макулдашуу менен ишке ашырылат. Жалпы ишти координациялоо адатта ири түзүмдүү К-нын лидерине жүктөлөт. Лидер К. катышуучуларынын баарысынын кызыкчылыгын коргойт, өзүнө берилген ыйгарым укуктардын чегинде аракеттенет жана ал үчүн биргелешкен ишмердиктин натыйжаларына жараша акы алат.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7