Константина шаары

Википедия дан
Константина.

Константина шаарыАлжирдин түндүкчыгышындагы шаар. Константина вилайясынын (административдик аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 659 миң (2006). Эл аралык аэропорту бар. Тамак-аш (ун, кант, пиво), текстиль, металл иштетүү, машина куруу өнөр-жай ишканалары иштейт. Өлкөнүн негизги дан рыногу, кустардык кол өнөрчүлүк (килем ж. б. токуучулук, булгаарыдан буюм даярдоо ж. б.) өнүккөн. Ислам университети, музей бар. Эң байыртадан (Цирта) белгилүү. Шаар император Улуу Константин Iнин урматына аталган. Рим курулуштарынын калдыктары, түрктөрдүн мезгилиндеги касба, мечиттер, медреселер, мавзолейлер, Кожо Ахмеддин ак сарайы (19-кылым) сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]