Константинов Борис Павлович

Википедия дан

Константинов Борис Павлович [23 (6). 6 (7). 1910, Россия империясы, Санкт-Петербург шаары – 9. 7. 1969, СССР, Ленинград шаары] – орус совет физиги, СССР Илимдер академиясынын академиги (1960, корреспондент мүчөсү, 1953), вице-президенти (1967-жылдан), Социалисттик Эмгектин Баатыры (1954). Лениндик сыйлыктын (1958) жана СССР мамлекеттик сыйлыктын (1953) лауреаты. Ленинград политехникалык институтун бүтүргөн (1926–29). 1947-жылдан Ленинград политехникалык институтунда профессор Негизги илимий изилдөөлөрү теориялык жана колдонмо акустика, ядро физикасы, плазма физикасы, астрофизика ж. б. тармактарга арналган. Химиялык элементтердин универсал микроанализ методун иштеп чыккан. РСФСР Жогорку Советинин (6–7-шайланышынын) депутаты. Эки Ленин, Эмгек Кызыл Туу ордендери жана медалдар менен сыйланган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]