Конституциялык сот

Википедия дан

Конституциялык сот – бир катар өлкөлөрдө жападан жалгыз же башкы милдети конституциялык көзөмөлдү ишке ашыруу болгон өзгөчө орган. Жогорку соттордон айырмаланып ал жалпы юрисдикциядагы соттордун тармагына кирбейт. Кээбир өлкөлөрдө (РФ жана КР) ал өзгөчө категориядагы сот болуп саналат жана тийиштүү сот тармагына кирет, башка өлкөлөрдө (ГФР, Италия, Румыния, Болгария, Монголияда) – сот бийлигине тийешеси жок өзгөчө көзөмөлдөө органы болуп эсептелет. Конституциялык көзөмөлдү ишке ашыруу менен бирге эле К. с. конституцияны чечмелөө, саясий партиялардын ишмердиктеринин конституцияга ылайыктуулугу тууралуу маселени чечүүгө, компетенциялар тууралуу талаштарды кароого ж. б. укуктуу. КР Конституциялык соту КР Конституциясын коргоо боюнча сот бийлигинин жогорку органы болуп саналат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]