Конституциялык укук
Конституциялык укук – 1) укуктун коомдук фундаменталдык мамилелерди жөнгө салуучу негизги тармагы. Ал: а) мамлекеттин конституциялык (коомдук) түзүлүшүн, мамлекетте бийликти ишке ашыруунун тариздерин жана ыкмаларын; б) инсандын укуктук абалынын негиздерин; в) мамлекеттик түзүлүштү, б. а. мамлекеттин аймактык уюштурулушун; г) мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын түзүүнүн тартибин, уюштуруунун жана ишмердигинин принциптерин камтыйт. КР жана башка айрым өлкөлөрдө бул тармакты белгилөө үчүн «мамлекеттик укук» аталгысы колдонулат. Башкаруунун республикалык таризи, элдик эгемендүүлүк, адамдын жана жарандын укуктары менен эркиндиктеринин артыкчылыгы жана бузулгустугу, бийлик бутактарынын бөлүнүшү КР К. у-тун негизги принциптери болуп саналат. КР Конституциясы КРде К. у-тун негизги булагы болуп саналат. К. у. ошондой эле укук илимдеринин жана окутуу сабактарынын бири; 2) конституцияда бекемделген субъективдүү укук (билим алууга, эс алууга ж. б. укуктуулук).
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Юридика аталгылары менен түшүнүктөрүнүн орусча-кыргызча түшүндүрмө сөздүгү. Илимий-маалымдама басылыш/АРД/Чекки долбоору, авторлор жамааты. – Б.: 2005, ISBN 9967-428-14-7